Библиотека Статистика дел Инфографика Отзывы и предложения Публикации арбитров Фотогалерея Видео

 



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК БЕЙТАРАП СОТТУН РЕГЛАМЕНТИ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК БЕЙТАРАП СОТТУН РЕГЛАМЕНТИ

(2007-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизилген)

Жаңы редакциясы

 

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соттун Байкоочу Кеңешинин 2007-жылдын 8-февралындагы чечими менен

 

БЕКИТИЛГЕН

 

 

 

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-берене. Аныктамалар

Ушул Регламенттин максаттары үчүн:

-                                «бейтарап сот» (бейтарап соттун курамы) – талашып жаткан тараптар тарабынан шайланган же Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соттун Төрагасы тарабынан дайындалган бир же үч арбитрди билдирет;

-                                «арбитрлердин тизмеси» – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соттун Байкоочу Кеңешинин чечими менен бекитилген, арбитрлердин атын, ошондой эле алар жөнүндө маалыматтарды камтыган тизме;

-                                «тарап» – доогер же болбосо жоопкер;

-                                «доогер» бир же бир нече доогерди билдирет;

-                                «жоопкер» бир же бир нече жоопкерди билдирет;

-                                «чечим» Эл аралык Бейтарап соттун доону камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу жөнүндө чечимин, же болбосо Эл аралык Бейтарап соттун ушул Регламентке ылайык кабыл алынган башка чечимин билдирет.

 

2-берене. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соттун ишбилгилиги

2.1. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап сот (мындан ары – СӨП ЭБС) өз ишин «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, өзүнүн Уставына, жүзөгө ашыруучу, туруктуу аракеттеги уюм болуп саналат.

2.2. СӨП ЭБС милдети юридикалык жана жеке жактарга, ага тийиштүү ишбилгиликтерди берүүчү бейтарап макулдашуу (арбитраждык эскертме) болгон шарттарда, жарандык укуктук мамилелерден келип чыгуучу, алардын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүүдө жардам көрсөтүү болуп саналат.

2.3. СӨП ЭБС тараптардын макулдашуулары боюнча келишимдик жана башка жарандык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар, анын ичинде инвестициялык талаш-тартыштарды кошо алганда, мекемелик караштуулуктагы ишбилги сотко тийиштүү тышкы соода жана башка эл аралык экономикалык байланыштардын түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы, анын ичинде төмөнкү талаш-тартыштарды кошпогондо, бир же эки тарабы катары тең жарандар чыккан талаш-тартыштар берилет:

- сот аткаруучусунун токтомуна жана башка иш-аракеттерине (аракетсиздигине, иш-аракеттерди жасоодон баш тартуусуна) даттануулар боюнча;

- юридикалык мааниге ээ болгон (юридикалык фактыларды) фактыларды белгилөө тууралуу;

- жоготулган баалуу кагаздар боюнча укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө;

- банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

- жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

- абийирди, ар намысты жана ишкер абройду коргоо жөнүндө;

- мурастоо укук мамилелеринен келип чыккандар;

- никеге туруу жана никени бузуу тартибине жана шарттарына тийиштүү;

- үй-бүлөдө жубайлардын ортосунда, ата-энелердин жана балдардын ортосунда, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыгуучу жеке жана мүлктүк эмес мамилелерге тийиштүү;

- асырап алууга, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө, балдарды тарбиялоого алууга байланыштуу келип чыккандар;

- жарандык абалдын актыларын каттоодо келип чыккандар;

- аларды бейтарап соттун чечүүсүнө берүүнүн мүмкүн эместиги мыйзам менен белгиленген талаш-тартыштар.

2.4. Жарандык-укуктук мамилелердин СӨП ЭБС чечүүсүнө берилиши мүмкүн болгон талаш-тартыштары товарларды сатып алуу-сатуу (жеткирип берүүнү), жумуштарды аткаруу, тейлөө кызматтарын көрсөтүү, товарларды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү алмашуу, соода өкүлчүлүгү жана ортомчулук, ижара (лизинг), илимий-техникалык алмашуу, чыгармачылык иштин башка натыйжаларын, өнөр жай курулмаларын жана башка объекттерди алмашуу, лицензиялык аткарымдар, инвестициялар, кредиттик-эсептешүү аткарымдары, камсыздандыруу боюнча мамилелерди, биргелешкен ишкердик жана жеке ишкердиктин башка тариздери жана башка жарандык-укуктук мамилелерди камтыйт.

2.5. СӨП ЭБС өзүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө» Мыйзамдан улам анын юрисдикциясына жаткан талаш-тартыштарды дагы кабыл алат.

2.6. Эл аралык Бейтарап сот талаш-тартышты тараптар тарабынан келишимде же болбосо бейтарап макулдашууда талаш-тартыштын маңызына карата колдонулуучу катары аныкталган материалдык укуктун ченемдерине ылайык чечет. Колдонулуучу укук жөнүндө макулдашуу болбогондо бейтарап сот талаш-тартышты кароодо колдонулууга жаткан укуктун ченемдерин өз алдынча аныктайт. Эл аралык Бейтарап сот талаш-тартыштын маңызы боюнча чечимди колдонулуучу укукка, ал эми колдонулуучу укук менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө иштиктүү жүгүртүмдүн адаттарына ылайык кабыл алат.

2.7. Бейтарап сот тарабынан талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби ушул Регламент менен же болбосо СӨП ЭБС башка Регламенти менен аныкталат. СӨП ЭБС кайрылганга чейин тараптар, талаш-тартыштар ЮНСИТРАЛ колдонуудагы Регламентине ылайык СӨП ЭБС каралары жаатында макулдашууга укуктуу.

 

3-берене. Талаш-тартышты Эл аралык Бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө макулдашуу

3.1.     Талаш-тартышты бейтарап соттун чечүүсүнө берүү жөнүндө макулдашуу – бул алардын келишимдик мүнөзгө ээ болушканына же болушпаганына көз карандысыз, жарандык укук мамилелерине байланыштуу алардын ортосунда пайда болуучу же пайда болуусу мүмкүн болгон бардык же айрым талаш-тартыштарды бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу.

3.2.     Бейтарап макулдашуу ал бөлүгү болуп саналган келишимдин жарамдуулугуна көз карандысыз юридикалык күчү бар деп таанылат.

3.3.     Бейтарап макулдашуу келишимдин курамдык бөлүгү болуп саналган арбитраждык эскертме түрүндө келишимде жол-жоболонушу мүмкүн же өзүнчө макулдашуу түрүндө түзүлүшү ыктымал.

3.4.     Бейтарап макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде ал тараптар кол коюшкан документте камтылса, же кат алмашуу жолу менен, телетайп, телеграф, телефакс же мындай макулдашууну белгилеп сактоону камсыз кылуучу электрондукту кошуп алганда, байланыштын башка каражаттарын пайдалануу менен түзүлсө, макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлгөн болуп эсептелет. Эгерде келишим жазуу жүзүндө түзүлсө жана бул шилтеме макулдашууну келишимдин бөлүгү деп эсептөөгө негиз берсе, келишимде талаш-тартышты бейтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну камтыган документке шилтеме макулдашуу катары таанылат.

3.5.     Талаш-тартышты СӨП ЭБС кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө тараптар тарабынан бейтарап макулдашуунун түзүлүшү тараптардын ушул Регламент менен, доо арызы берилген учурдагы колдонуудагы анын толуктоолору жана өзгөрүүлөрү менен макулдугун билдирет.

 

4-берене. Бейтарап териштирүүнүн принциптери

4.1.     Бейтарап арбитрдин көз карандысыздыгы жана калыстыгы.

Бейтарап арбитрлер өздөрүнүн милдеттерин аткарууда көз карандысыз жана калыс. Тараптардын СӨП ЭБС арбитрлеринин тизмесине кошулган өкүлдөрү тараптар тарабынан бейтарап арбитрлер катары шайлануулары мүмкүн эмес, бирок бейтарап териштирүүдө тараптын өкүлү катары чыгууга укуктуу.

4.2. Тараптардын тең укуктуулугу.

СӨП ЭБС талаш-тартыштарды чечүү мыйзам жана СӨП ЭБС алдында тараптардын тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат. Ар бир тарапка СӨП ЭБС өздөрүнүн укуктарын коргоо үчүн тең мүмкүнчүлүктөр берилген. Тараптар тең процесстик укуктардан пайдаланышат.

4.3.     Тараптардын атаандаштыгы.

Ар бир тарап өзүнүн талаптарынын жана каршы пикирлеринин негиздемеси катары шилтеме жасаган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү.

4.4.     Бейтарап соттун чечимдерин аткаруунун милдеттүүлүгү.

Бейтарап соттун чечими тараптар үчүн биротоло акыркы болуп саналат жана даттанылууга жатпайт.

 

5-берене. Бейтарап териштирүүгө катышуучу жактар

5.1. Тараптар, ошондой эле үчүнчү жактар бейтарап теришитирүүгө катышуучу жактар болуп саналышат.

5.2.                Доогерлер жана жоопкерлер бейтарап териштирүүнүн тараптары болуп саналышат.

5.3. Өздөрүнүн кызыкчылыктарында доо коюшкан жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары доогерлер болуп санылашат.

5.4. Доо талаптары коюлган жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдары жоопкерлер болуп саналышат.

 

6-берене. Бейтарап териштирүүгө катышуучу жактардын укуктары

6.1. Бейтарап териштирүүгө катышкан жактардын төмөнкүлөргө укугу бар:

- иштин материалдары менен таанышууга, жазма көчүрмө жасоого, өзүнүн эсебинен көчүрмөлөрдү алууга;

- арбитрлерге, эксперттерге, котормочуларга четтетүү билдирүүгө;

- далилдерди көрсөтүүгө жана аларды изилдөөгө катышууга;

- бейтарап териштирүүгө катышкан башка жактарга, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроолорду берүүгө;

- өтүнмө, анын ичинде кошумча далилдерди суратып алуу тууралуу билдирүү;

- бейтарап сотко оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;

- бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө пайда болгон бардык суроолор боюнча өзүнүн жүйө-далилдерин келтирүүгө;

- бейтарап териштирүүгө катышкан башка жактардын өтүнмөлөрүнө жана жүйө-далилдерине каршы пикирин билдирүүгө;

- жарыш сөздөргө катышууга;

- бейтарап соттун отурумунун протоколу менен таанышууга жана ага карата жазуу жүзүндө сын-пикирлерин берүүгө.

 

7-берене. Бейтарап сотто укукту кыянат пайдаланууга жол берилбестик

7.1. Бейтарап сотто бейтарап териштирүүгө катышкан жактардын төмөнкүдөй ниеттеги иш-аракеттерине жол берилбейт:

- башка жакка зыян келтирүү;

- талаш-тартыштын маңызы боюнча тез жана адилетүү чечилишине тоскоолдук кылуу;

- бейтарап териштирүүнүн мөөнөттөрүн создуктуруу.

Укуктарды жана башкача тариздерде кыянат пайдаланууга жол берилбейт.

7.2. Тараптардын биринин укукту кыянат пайдалануусу бейтарап соттун курамы тарабынан, күнөөлүү жакка, бул укукту кыянат пайдаланууга байланыштуу башка тарап же сот тарткан кошумча коромжулардын ордун толтуруунун жүктөлүшүнө алып келет.

 

8-берене. Ушул Регламентке шилтеме жасоо укугунан баш тартуу  

Ушул Регламенттин кандайдыр-бир жобосу же талаптары сакталбаганын билген, жана ошого карабастан, мындай сактабоого каршы токтоосуз каршы пикирин билдирбестен бейтарап териштирүүгө катышуусун уланткан кандай болбосун тарап, өзүнүн каршы пикир билдирүү укугунан баш тарткан делип эсептелинет.

 

9-берене. Бейтарап териштирүүгө бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу

Доо бир нече доогер тарабынан же бир нече жоопкерге карата коюлушу мүмкүн. Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири бейтарап териштирүү процессинде өз алдынча чыгышат. Биргелешкен катышуучулар ишти алып барууну катышуучулардын бирине тапшыра алышат.

 

II БӨЛҮМ

ЭЛ АРАЛЫК БЕЙТАРАП СОТТУН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ИШИ

 

10-берене. СӨП ЭБС түзүмү

10.1. СӨП ЭБС ишин Төрага, Төраганын орун басары жана Жооптуу катчы камсыз кылышат.

10.2. Дайындуу талаш-тартышты чечүү үчүн СӨП ЭБС арбитрлеринин тизмесинен, ушул Регламентте каралган тартипте, бейтарап соттун курамы түзүлөт.

 

11-берене. СӨП ЭБС Төрагасы жана Төраганын Орун басары

11.1. СӨП ЭБС Төрагасы төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

- СӨП ЭБС иши жөнүндө маалымат алууну же болбосо дайындуу талаш-тартышты ченчүүнү каалаган адамдарды кабыл алууну жүзөгө ашырат;

- сотко доо арызы келип түшкөндө талаш-тартыштын СӨП ЭБС мекемелик тиешелүүлүгүн аныктайт;

- ушул Регламентте аныкталган учурларда арбитрлерди дайындайт;

- ушул Регламенттин 20-беренесинде каралган талаптарды бузуу менен берилген доо арыздарын кайтарып берүү жөнүндө, арбитраждык курамды түзгөнгө чейин доогер доо арызын чакыртып алганда, бейтарап териштирүүнү токтотуу жөнүндө, процесстик мөөнөттөрдү узартуу жөнүндө жана башка аныктамаларды чыгарат;

- СӨП ЭБС ишине байланыштуу СӨП ЭБС колдонулуучу эрежелеринде жана башка локалдуу актыларында каралган башка иш-милдеттерди аткарат.

СӨП ЭБС Төрагасы болбогон учурда же болбосо анын тапшыруусу боюнча жогоруда саналган иш-милдеттерди СӨП ЭБС Төрагасынын Орун басары аткарат.

11.2. СӨП ЭБС Төрагасы ушул Регламентте жана башка СӨП ЭБС Колдонулуучу эрежелеринде аныкталган ишбилгиликтерди ишке ашыруу менен, чечимдерди аныктамалар таризинде кабыл алат.

 

12-берене. СӨП ЭБС Жооптуу катчысы

СӨП ЭБС Жооптуу катчысы иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат, СӨП ЭБС катчылыгынын иши үчүн жооп берет, тараптарды ушул Регламенттин бар экени жөнүндө кабарландырат; талаш-тартыштын тараптарын арбитрлердин тизмеси менен тааныштырат, арбитрди тандоону жүзөгө ашырууну сунуштайт;

тараптарды бейтарап териштирүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландыруунун камсыз кылат; бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө тараптарга жана арбитрлерге бардык материалдарды жана документтерди берүүнү камсыз кылат; бейтарап соттун отурумдарынын протоколдорун жүргүзүүнү камсыз кылат; тараптарга берилген документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрөт; бейтарап соттун отурумдарынын протоколдорунун көчүрмөлөрүн күбөлөндүрөт; бейтарап териштирүү процессин даярдоо жана камсыз кылуу менен байланыштуу башка иш-милдеттерди аткарат.

 

13-берене. Арбитрлер

13.1. Аракеттке жөндөмдүү, СӨП ЭБС Арбитрлеринин тизмесине кошулган, СӨП ЭБС мекемелик таандыктуулуктагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн зарыл болгон илим-билимге жана тийиштүү квалификацияга ээ болгон жеке адам СӨП ЭБС арбитри боло алат.

13.2. Арбитрлердин тизмеси СӨП ЭБС Байкоочу Кеңеши тарабынан бекитилет.

13.3.   СӨП ЭБС арбитрлеринин тизмесине төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн эмес:

- Кыргыз Республикасынын ишбилги сотунун судьясы;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкери;

- соттолгондугу бар адам;

- аракетке жөндөмсүз же чектелген жөндөмдүү деп таанылган адам.

13.4.   Эгерде тараптар башка тууралуу макулдашышпаса, анын жарандык себептери боюнча бир дагы киши арбитр катары чыгуу укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

13.5.   Арбитрдин ыйгарым укуктары төмөнкүдөй токтотулат:

-                                 арбитрдин арызы боюнча;

-                                 арбитр өз милдеттерин тутумдук түрдө аткарбаган учурда же СӨП ЭБС каралган талаш-тартыштар жөнүндө, коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды ачык жарыялаган учурда;

-                                судьянын кызмат ордуна дайындоону же шайлоону кошуп алганда, мамлекеттик кызматка дайындалганда;

-                                соттолгон учурда;

-                                СӨП ЭБС арбитрлеринин абийир Кодексин бузган учурда же СӨП ЭБС арбитринин статусу менен шайкеш келбеген жосун жасаганда.

13.6.   Арбитрдин ыйгарым укуктары Байкоочу Кеңештин чечими менен токтотулат.

 

14-берене. Купуялуулук

Төрага, Төраганын Орун басары, Жооптуу катчы, СӨП ЭБС башка кызматчылары, ошондой эле СӨП ЭБС арбитрлери өздөрү бейтарап териштирүүгө байланыштуу алган маалыматтар тууралуу сырды сактоого милдеттүү.

 

15-берене. Бейтарап териштирүүнүн тили

15.1.   Тараптар өздөрүнүн каалоолору боюнча бейтарап териштирүү жүргүзүлө турган тил жөнүндө макулдашууга укуктуу.

15.2.   Тараптардын макулдашуулары болбогондо, же болбосо бейтарап териштирүүнү тараптар тандаган тилде жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогондо, бейтарап соттун курамы бейтарап териштирүүдө пайдаланылышы керек болгон тилди өз алдынча аныктайт.

15.3.   Бейтарап теришитүүнүн тили жөнүндө макулдашуу же чечим тараптардын кандай болбосун жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрүнө, далилдерге, бейтарап соттун курамынын аныктамаларына жана чечимдерине жайылтылат.

15.4. Эгерде бейтарап териштирүүнүн тили тараптар тарабынан аныкталган учурда, СӨП ЭБС тараптарды, алардын өтүнүчтөрү боюнча, алардын эсебинен котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылат.

15.5. Бейтарап сот кандай болбосун документалдуу далилдер, тараптар макулдашкан, же болбосо бейтарап соттун курамы тарабынан аныкталган тилдеги котормосу менен коштолушу жаатында талаптарды коюуга укуктуу.

 

16-берене. Бейтарап териштирүүнүн орду

16.1.   СӨП ЭБС Бишкек шаарындагы кеңсеси, же болбосо тараптар үчүн ыңгайлуулук факторун кошуп алганда, иштин жагдайларын эске алуу менен тараптар тандаган жана СӨП ЭБС жактырган кандай болбосун башка жер бейтарап териштирүүнүн орду болуп саналат.

16.2.   Ушул берененин 16.1. пунктунун жобосуна карабастан, СӨП ЭБС Төрагасы менен макулдашуу боюнча бейтарап соттун курамы ал өзү анын мүчөлөрүнүн ортосунда кеңешүүлөрдү өткөрүү, күбөлөрдү, эксперттерди угуу үчүн, же болбосо товарларды, мүлктү же документтерди кароо үчүн кыйла туура келет деп эсептеген жерде чогулууга укуктуу.

 

17-берене. Кабарландыруу

17.1. Ушул Регламентке ылайык тараптардан талап кылынышы мүмкүн болгон кандай болбосун кабарландыруу же билдирүү, жазуу жүзүндө берилет жана тапшырык кат менен же курьердик кызматтын жардамы менен, же бейтарап сот муну тапшырган жактар аркылуу жөнөтүлөт, же факс боюнча же электрондук почтанын же жеткирүүнү каттоо каралган башка телекоммуникациялык байланыш каражаттары аркылуу берилет.

17.2. Кабарландыруу же билдирүү СӨП ЭБС кайрылып берилүүгө жаткан документке же кабарламанын экинчи нускасына кол койдуруу менен, жарандын жеке өзүнүн колуна тапшырылат. Уюмга даректелген кабарлама, СӨП ЭБС кайтарылып берилүүчү документтин түбүнө же кабарламанын экинчи нускасына кол койгон тиешелүү кызмат адамына тапшырылат.

17.3. Эгерде кабарламаны жеткирип барган адам кабарландырылуучу же иш боюнча чакырылган жаранды анын жашаган же иштеген жеринен таппай калса, кабарлама алардын макулдугу менен аны менен чогуу жашап турган үй-бүлөнүн бойго жеткен мүчөсүнө тапшырылат, ал эми алар болбогондо – кабарлама даректелгендин жашаган жери боюнча турак жай–эксплуатациялоочу уюмга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же иштеген жери боюнча администрацияга тапшырылат. Көрсөтүлгөн учурларда кабарламаны алган адам СӨП ЭБС кайтырылып берилүүчү документтин түбүнө же кабарламанын экинчи нускасына өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын, ошондой эле кабарлама даректелгенге карата туугандык мамилесин (жубайы, атасы, энеси, уулу, кызы ж. б.) же ээлеген кызмат ордун көрсөтүүгө милдеттүү.

17.4. Даректелген жак кабарламаны кабыл алуудан баш тартканда, аны жеткирип барган адам СӨП ЭБС кайтырып берилүүгө жаткан кабарламага тийешелүү белги коёт.

17.5. Даректелген жактын кабарламаны кабыл алуудан баш тартканы тууралуу белги кабарлама даректелгендин жашаган жери боюнча тиешелүү турак жай–эксплуатациялоочу уюмдун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же анын иштеген жери боюнча администрациянын кызматкерлери тарабынан күбөлөндүрүлөт.

17.6. Кабарламаны кабыл алуудан баш тарткан адам бейтарап териштирүүнүн же айрым процесстик иш-аракеттерди жасоонун убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылган болуп эсептелет.

17.7. Бардык тараптарга, СӨП ЭБС жана арбитрлерге берилген даректин өзгөрүлгөнү тууралуу расмий кабарландыруу болбогон учурда, бейтарап териштирүү процессинде кабарландыруу максатында же кандайдыр-бир билдирүүлөрдү берүү үчүн пайдаланылган ошол тараптын белгилүү болгон акыркы үй дареги же жумушунун дареги тараптын жарактуу дареги деп эсептелет.

17.8. Ишке катышып жаткан жактар бейтарап сотко иш боюнча өндүрүш убагында өздөрүнүн даректериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө билдирип турууга милдеттүү. Мындай билдирүү жок болгондо кабарландыруу белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жеткирилет жана даректелген бул адрек боюнча мындан ары жашабаса да же турбаса дагы кабарландыруу жеткирилген болуп эсептелет.

17.9. Жоопкердин иш жүзүндө турган жери белгисиз болгондо, анын белгилүү болгон акыркы дареги боюнча турак жай-эксплуатациялоочу уюм же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же болбосо жоопкердин иштеген жери боюнча администрациясы аны алганын ырастоочу колтамгасы менен кабарландыруу сотко келип түшкөндө, бейтарап сот ишти кароого кирешет.

17.10. Убакытты эсептөөнүн датасы башталганын аныктоо максатында, кандай болбосун кабарлама же билдирүү алар жеткирилген күндөн тартып, ал эми электрондук каражаттар болгон учурда – аларды берген күнү жөнөтүлгөн болуп эсептелет.

17.11. Мөөнөттөрдү сактоо максатында, кандай болбосун кабарлама же билдирүү белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин мөөнөт бүтүүчү күнгө дейре жөнөтүлгөн, жиберилген же берилип жиберилген болуп эсептелет.

 

18-берене. Мөөнөттөр

18.1. Ушул Регламентте каралган же белгиленген мөөнөттөр ушул Регламентке ылайык кабарлама же билдирүү жеткирилип берилген деп эсептелген датадан кийинкелүүчү күндөн тартып эсептелет. Эгерде кабарлама же билдирүү жеткирилип берилген деп эсептелгенден кийин келүүчү күн майрам же жумуш күнү эмес болуп саналган өлкөдө, мөөнөт андан кийинки биринчи жумуш күнүнөн тартып эсептеле баштайт. Майрам жана жумушчу эмес күндөр мөөнөттөрдү эсептөөгө кошулат. Эгерде тийешелүү мөөнөттүн акыркы күнү, кабарлама же билдирүү жеткирилип берилген деп эсептелген өлкөдө майра же жумуш күнү эмес болуп саналса, мөөнөт кийинки жумушчу күндүн аягында бүтөт.

18.2. СӨП ЭБС кандай болбосун убакта (а турмак мөөнөт аяктагандан кийин да), бейтарап териштирүүнү жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, тараптардын ортосунда кандай болбосун кабарламаларды жана билдирүүлөрдү берүүнүн мөөнөттөрүн кошуп алганда, ушул Регламентте белгиленген кандай болбосун мөөнөттөрдү узартып же кыскартып коё алат.

18.3. Ошону менен бирге, Бейтарап сот бейтарап териштирүүлөрдүн мөөнөтү бейтарап арбитраждын курамы түзүлгөн учурдан тартып, үч айдан ашпоосу үчүн бардык чараларды көрөт.

 

III БӨЛҮМ

БЕЙТАРАП ТЕРИШТИРҮҮ

А. Бейтарап териштирүүнү демилгелөө

 

19-берене. Доо коюу

19.1. Бейтарап териштирүү СӨП ЭБС доо арыздын берилиши менен башталат.

19.2. Аны СӨП ЭБС тапшырган күн доо арызын берүүнүн датасы болуп, ал эми доо арызы почта менен жиберилгенде – жеткирүүнүн почта мекемесинин штемпелиндеги дата эсептелет.

 

20-берене. Доо арызынын мазмуну

20.1. Доо арызы төмөнкүлөрдү камтышы керек:

 - арыздын датасын;

 - тараптардын толук аталыштарын, алардын почта даректерин;

 - эгерде доо баалануусу тийиш болсо, доонун баасын;

 - доонун талаптарын;

 - доонун талаптары негиздемеленген жагдайларды жана мыйзамдын ченемдерин, жана аларды бышыктоочу далаидерди;

 - доонун талаптарынын негизделген эсептөөлөрүн;

 - талаш-тартышты туура кароо үчүн мааниси бар башка маалыматтарды;

 - арызка тиркелген документтердин жана башка далилдердин тизмегин;

 - доогердин колтамагасын (доогер – юридикалык жак үчүн доо арызына кол койгон адамдын колтамагасы, юридикалык жактын мөөрү менен ырасталган болушу керек).

20.2.   Доо арызына төмөнкүлөрдү бышыктаган документтер тиркелиши керек:

- бейтарап макулдашуунун болгону;

- доо арызынын көчүрмөлөрүнүн жана ага тиркелген бардык документтердин жоопкерге багытталмасы;

- каттоо жыйымын төлөө;

- өкүлдүн ыйгарым укуктарын бышыктоочу ишеним кат.

20.3.   Доо арызын бергенде жана доо арызын артка чакырып алууда, тараптар өздөрү андан ары көрсөтүүчү документтерге же болбосо башка далилдерге шилтеме жасай алышат.

 

21-берене. Доонун баасы

21.1.   Доонун баасы төмөнкүлөр менен аныкталат:

(а) акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө доолордо – талып кылып алынуучу сумма менен;

(б) мүлктү талап кылып алуу тууралуу доолордо – мүлктүн наркы менен;

21.2. Эгерде доонун талаптары мүлктүк эмес мүнөзгө ээ болгон учурда, анда доонун баасы СӨП ЭБС арбитраждык чыгымдары жана жыйымдары тууралуу Жобого ылайык аныкталат.

21.3.   Бир нече талаптардан турган доолордо, ар бир талаптын суммасы өзүнчө аныкталышы керек. Бул учурда доонун баасы бардык талаптардын жалпы суммасы менен аныкталат.

21.4.   Эгерде доонун баасын доогер аныктаса же туура эмес аныктаса, бейтарап сот өзүнүн демилгеси боюнча же жоопкердин талабы боюнча болгон маалыматтардын негизинде доонун баасын аныктайт.

 

22-берене. Доо арызынын кемчиликтерин жоюу

22.1.   СӨП ЭБС Жооптуу катчысы доо арызынын ушул Регламенттин 20-беренесинин талаптарын бузуу менен берилгенин аныктап, доогерге табылган кемчиликтерди жоюуну сунуштайт. Кемчиликтерди жоюунун мөөнөтү көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып 15 күндөн ашпоосу керек.

22.2.   Доо арызынын кемчиликтерин жоюу тууралуу сунушка карабастан, доогер аларды жойбогон учурларда, СӨП ЭБС доо арызын карабастан доогерге кайтарып берет.

 

23-берене. Бейтарап териштирүү боюнча чыгымдар

23.1.   Доо арызын берүүдө доогер каттоо жыйымын төлөөгө милдеттүү. Каттоо жыйымы төлөнгөнгө чейин доо берилген болуп саналбайт, доо арызы кабыл алынбайт жана катталбайт.

23.2.   Каттоо жыйымы кайтарылып берилүүгө жатпайт.

23.3.   Доогер ар бир берилген доо боюнча аванс менен арбитраждык жыйымды төлөөгө милдеттүү. Доо арызын берүүдө доогер тарабынан төлөнгөн каттоо жыйымы аванстын суммасына кошуп эсептелет.

23.4.   Арбитраждык жыйымдын авансы төлөнгөнгө чейин бул доо боюнча бейтарап териштирүү жүргүзүлбөйт жана иш кыймылсыз кала берет.

23.5.   Каттоо жана арбитраждык жыйымдардын көлөмү, аларды төлөөнүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби, ошондой эле арбитраждык териштирүү боюнча башка чыгымдарды жабуунун тартиби СӨП ЭБС арбитраждык чыгымдары жана жыйымдары тууралуу Жобо менен белгиленет.

 

Б. БЕЙТАРАП ТЕРИШТИРҮҮНҮ ДАЯРДОО

 

24-берене. Жоопкерди кабарландыруу жана анын арбитр шайлоосу

24.1.   Доо аразы берилген жана каттоо жыйымы төлөнгөн датадан тартып үч күндүн ичинде СӨП ЭБС Жооптуу катчысы жоопкерге доо арызы берилгени жөнүндө кабарлама жиберет жана ага кабарламанын алынган датасынан тартып 15 күндөн көп эмес мөөнөттө ал боюнча тийешелүү далилдер менен бышыкталган өзүнүн пикирин берүүнү сунуш кылат.

Ушул эле мөөнөттө жоопкер өзү шайлаган арбитрдин жана запас арбитрдин аты-жөндөрүн жана фамилияларын билдириши керек, же ал үчүн арбитр жана запас арбитр СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан дайындалышы үчүн өтүнүч билдирүүсү тийиш.

 

25-берене. Бейтарап соттун курамын түзүү

25.1.   Эгерде тараптар иштин жекече арбитр тарабынан каралышы жөнүндө макулдаша алышпаса, курамы үч арбитрден турган бейтарап сот түзүлөт. Бир эле убакта запас арбитрлер шайланат (дайындалат). Регламентте каралган бейтарап соттун курамынын иш-милдеттери жекече арбиртге да тийиштүү.

25.2.   Эгерде жоопкер ушул Регламенттин 24.1. пунктунда каралган мөөнөттө арбитрди жана запас арбитрди шайлабаса, арбитрди жана запас арбитрди ал үчүн Арбитрлердин тизмесинен СӨП ЭБС Төрагасы дайындайт.

25.3.   Тараптар шайлаган же СӨП ЭБС Төрагасы дайындаган арбитрлер Арбитрлердин тизмесинен бейтарап соттун курамынын Төрагасын шайлашат. Ушул эле тартипте алар бейтарап соттун курамынын запас Төрагасын шайлашат.

25.4.   Эгерде арбитрлер экинчи арбитр шайланган же дайындалган күндөн тартып он беш күндүн ичинде бейтарап соттун курамынын Төрагасын (запас Төрагасын) шайлашпаса, бейтарап соттун курамынын Төрагасы жана запас Төрагасы СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан бейтарап соттун курамынын Төрагасын (запас Төрагасын) шайлоо үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин беш күндүн ичинде дайындалат.

25.5.   Эки же андан ашык доогерлер же жоопкерлер болгондо, доогерлер да, ошондой эле жоопкерлер дагы биргеликте бардык доогерлерден жана бардык жоопкерлердин бирден арбитр жана бирден запас арбитр шайлашат. Алар ошондой эле алар үчүн арбитрдин жана запас арбитрдин СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан дайындалышы жөнүндө макулдашылган өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

25.6.   Доогерлердин же жоопкерлердин ортосунда он беш күндүн ичинде макулдашууга жетишилбегенде, арбитр жана запас арбитр СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан Арбитрлердин тизмесинен дайындалат.

25.7. Алдыда кеткен пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт, эки же андан ашык доогерлерден же жоопкерлерден бирден арбитр жана запас арбитр шайлоонун зарылдыгы белгилүү болгон датадан тартып эсептелет.

25.8. СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан арбитрди жана запас арбитрди дайындоо, тараптардын аларды шайлоосу үчүн белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин беш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

 

26-берене. Жекече арбитрди шайлоо же дайындоо

26.1. Эгерде тараптардын макулдашуусу боюнча иш жекече арбитр тарабынан каралса, жекече арбитр жана жекече запас арбитр тараптардын макулдашуусу боюнча шайланат. Тараптар ошондой эле жекече арбитр жана запас жекече арбитр алар үчүн СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан дайындалышы жөнүндө өтүнүч билдиришүүгө укуктуу. Тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбегенде он беш күндүн ичинде жекече арбитр жана запас жекече арбитр, аларды шайлоо үчүн тараптарга белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин беш күндүн ичинде СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан, Арбитрлердин тизмесинен дайындалат.

 

27-берене. Ишти бейтарап териштирүүгө карата даярдоо

27.1. Арбитраждын курамын түзгөн датадан тартып үч күндүн ичинде доогер СӨП ЭБС арбитраждык жыйымды төлөп берүүгө милдеттүү.

27.2.   Доогер арбитраждык жыйымды төккөндөн кийин бейтарап соттун курамы ишти бейтарап териштирүүгө карата даярдоонун абалын текшерет, жана эгерде зарыл деп эсептесе, ишти даярдоо боюнча кошумча чараларды көрөт, алып айтканда, тараптардан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, далилдерди жана башка кошумча документтерди талап кылып алат. Эгерде ишти даярдоо боюнча кошумча чаралар кабыл алынса, анда бул кошумча чаралар анын ичинде жүзөгө ашырылышы тийиш болгон мөөнөттөр белгиленет.

27.3. Бейтарап соттун курамынын Төрагасы СӨП ЭБС Жооптуу катчысы аркылуу ишти бейтарап териштирүүгө карата даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу. Бардык документтер, тараптардан чыккан кандай болбосун жазуу жүзүндөгү кабарламаларды кошуп алганда, СӨП ЭБС жиберилиши керек.

 

28-берене. Бейтарап териштирүүнү жүргүзүүнүн таризи

28.1. Бейтарап териштирүү тараптардын катышуусу менен, оозеки угуулар таризинде жүргүзүлөт.

28.2. Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу болгондо, бейтарап териштирүүнү жазуу жүзүндөгү материалдардын негизинде жүргүзүүгө жол берилет.

 

29-берене. Тараптарды оозеки угуу тууралуу кабарландыруу

29.1.   Иш боюнча оозеки угууларды жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө тараптар угуулар башталганга чейин 10 калганда, жазуу жүзүндө кабарландырылышат. Тараптар менен макулдашуу боюнча бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн.

29.2.   Зарыл болгондо кийинки оозеки угууларды жүргүзүүнүн датасы жана аларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү бейтарап соттун курамы тарабынан белгиленет.

 

30-берене. Арбитрди, экспертти жана котормочуну четтетүү

      30.1.   Эгерде алардын калыстыгына же көз карандысыздыгына карата кандайдыр бир шектенүү жараткан негиздер бар болсо, алып айтканда, эгерде алар жеке өздөрү, тикелей же кыйыр түрдө иштин жыйынтыгына кызыкдар деп болжолдоого болсотараптардын ар бири арбитрди, бейтарап соттун курамынын Төрагасын же жекече арбитрди чететтүү тууралуу билдирүүгө укуктуу. Четтетүү, эгерде арбитр тараптардын макулдашуусу менен шартталган квалификацияга ээ болбогон учурда дагы билдирилиши мүмкүн.

      30.2.   Тараптын чететтүү тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсү, анын камтыган жүйөлөрү, тарап бейтарап соттун курамы түзүлгөнү жөнүндө билгенден тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же болбосо тарап четтетүү үчүн негиз катары кызмат кылышы мүмкүн болгон жагдайлар жөнүндө билгенден кийин үч күндүн ичинде жасалышы керек. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечирээк жасалган четтетүү тууралуу билдирүү, эгерде четтетүү тууралуу билдирүүнүн кармалышынын себеби жүйөлүү деп таанылган учурда гана каралат.

      30.3.   Арбитрди четтетүү тууралуу маселе бейтарап соттун курамынын башка мүчөлөрү тарабынан чечилет. Эгерде алардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе же эгерде четтетүү эки арбитрге же жекече арбитрге каршы билдирилсе, четтетүү тууралуу маселе СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан чечилет.

      30.4. Арбитр, бейтарап соттун курамынын Төрагасы же жекече арбитр, бейтарап териштирүүнүн кандай болбосун баскычында, өздөрүнүн демилгелери боюнча өзүн-өзү четтетүү тууралуу төмөнкү учурларда билдирүүгө милдеттүү:

а) эгерде ал иш боюнча тараптын же анын өкүлүнүн тууганы болуп саналса;

б) эгерде ал өзү жеке талаш-тартыштын жыйынтыгына тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар болсо же болбосо анын калыстыгынан же көз карандасыздыгынан шектенүү жараткан башка жагдайлар бар болсо;

в) эгерде ушул Регламенттин 13.3. пунктунда белгиленген талаптар сакталбаса;

г) эгерде ал бейтарап макулдашуу менен шартталган квалификацияга ээ болбосо.

30.5. Ушул берененин 30.4. пунктунда көрсөтүлгөн негиздер болгондо, СӨП ЭБС Төрагасы арбитрдин, бейтарап соттун курамынын Төрагасынын же жекече арбитрдин четтетилиши тууралуу маселени өзүнүн демилгеси боюнча чечүүгө укуктуу.

      30.6.   Ушул берененин 30.4. пункттарынын жоболору ошондой эле запастагылар катары шайланышкан же дайындалышкан арбитрге, бейтарап соттун курамынын Төрагасына жана жекече арбитрге жайылтылат.

      30.7.   Ушул берененин 30.4. пунуктунда көрсөтүлгөн ошол эле негиздер боюнча бейтарап териштирүүгө катышып жаткан эксперттер жана котормочулар четтетилиши мүмкүн. Бул учурда четтетүү тууралуу маселе бейтарап соттун курамы тарабынан чечилет.

 

31-берене. Бейтарап териштирүү баскычында арбитрдин ыйгарым укуктарынын токтотуу

      31.1.   Эгерде арбитр, бейтарап соттун курамынын Төрагасы же жекече арбитр юридикалык жактан же иш жүзүндө өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болуп чыкса же башка себептер боюнча бул иш-милдеттерди жүйөсүз создуктуруулар менен жүзөгө ашырбаса, тараптардын макулдашуусу боюнча алардын ар биринин ыйгарым укуктары токтотулушу мүмкүн.

      31.2.   Арбитрдин, бейтарап соттун курамынын Төрагасынын же жекече арбитрдин ыйгарым укуктары ошондой эле алар өзүн өзү четтетүү жөнүндө билдиришкенде токтотулат.

      31.3.   Ушул берененин 31.1. пунктунда көрсөтүлгөн негиздер болгондо, жана тараптар тийиштүү макулдашууга жетишишпегенде, алардын ар бири арбитрдин, бейтарап соттун курамынын Төрагасынын же жекече арбитрдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маселени чечүү өтүнүчү менен СӨП ЭБС Төрагасына кайрылууга укуктуу.

 

      32-берене. Бейтарап соттун кырамындагы өзгөрүүлөр

      32.1.   Эгерде арбитр, бейтарап соттун курамынын Төрагасы же жекече арбитр четтетилген болсо же башка себептер боюнча ишти териштирүүгө катыша алышпаса, аларды тийиштүүлүгүнө жараша запас арбитр, запас бейтарап соттун курамынын Төрагасы же запас жекече арбитр алмаштырат. Мындай алмаштыруу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон учурларда, жаңы арбитр, бейтарап соттун курамынын Төрагасы же жекече арбитр Регламентке ылайык шайланышат же дайындалышат. Эгерде арбитр, бейтарап соттун курамынын Төрагасы же жекече арбитр СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан дайындалган болсо, ал өзү эле жаңы дайындоолорду жүргүзөт.

      32.2.   Зарыл болгон учурда жана тараптардын пикирлерин эске алуу менен бейтарап соттун өзгөрүлгөн курамы, иш боюнча алмаштырууга чейинки болгон оозеки угууларда каралган маселелерди кайрадан кароого укуктуу.

 

В. БЕЙТАРАП ТЕРИШТИРҮҮ

33-берене. Оозеки угууларды жүргүзүү

      33.1.   Тараптардын көрсөтүлгөн далилдердин негизинде өздөрүнүн көз караштарын баяндоолору жана жарыш сөздөрдү жүргүзүү үчүн ишти оозеки угуу жүзөгө ашырылат. Угуу жабык эшиктер артында жүргүзүлөт. Бейтарап териштирүүгө катышпаган жактар, угууга бейтарап соттун курамынын уруксаты жана тараптардын макулдугу менен гана катышып отура алышат.

 

34-берене. Тараптардын катышуулары

      34.1.   Тараптар СӨП ЭБС жана бейтарап териштирүү процессинде өз иштерин түздөн-түз же тараптар өздөрү каалагандай, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын жана жарандардын катырынан дайындашкан ыйгарым укуктуу өкүлдөр аркылуу талаптагыдай жүргүзүүгө укуктуу.

      34.2.   Угуулардын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган тараптын келбей калганы, эгерде эле келбей калган тарап жүйөлүү себептер боюнча ишти угууну кийинкиге калтыруу тууралуу жазуу жүзүндө өтүнмө билдирбесе жана бул себептер бейтарап соттун курамы тарабынан жүйөлүү деп таанылбаса, ишти теришитрүүгө жана чечим чыгарууга тоскоолдук болбойт.

      34.3.   Тарап ишти анын жогунда угуу жөнүндө өтүнүч кыла алат.

 

35-берене. Документтерди берүү

35.1. Тараптардын бири СӨП ЭБС берген бардык документтер, көчүрмөлөрүндө ал тарабынан башка тарапка берилиши керек.

35.2. Тараптардан алынган документтердин көчүрмөлөрүн СӨП ЭБС арбитрлерге берет.

 

36-берене. Камсыз кылуучу чаралар

36.1. Тараптардын кандай болбосун биринин өтүнүчү боюнча бейтарап соттун курамы талаш-тартыштын предметине карата кайсы-бир тараптын камсыз кылуучу чараларды кабыл алуусу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.

36.2. Доону камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө чечим бейтарап соттун чечимдерин аткаруу үчүн каралган тартипте аткарылат.

 

37-берене. Жазуу жүзүндөгү материалдардын негизинде ишти териштирүү

       Эгерде тараптар талаш-тартышты оозеки угууларды жүргүзүүсүз, жазуу жүзүндөгү материалдардын негизинде гана териштирүү жөнүндө макулдашышкан учурда, бейтарап соттун курамы, эгерде берилген материалдар талаш-тартышты маңызы боюнча чечүү үчүн жетишсиз болуп чыкса, оозеки угууларды өткөрүүнү дайындоого укуктуу.

 

38-берене. Доо талаптарын өзгөртүү же толуктоо же доо боюнча каршы пикирлер

      38.1.   Кандай болбосун тарап оозеки угуу же териштирүү аяктаганга чейин иштин жазуу жүзүндөгү материалдарынын негизинде доо боюнча өзүнүн талаптарын же каршы пикирлерин өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу.

      38.2.   Эгерде бейтарап соттун курамы тарап тарабынан доо боюнча доо талаптарын өзгөртүүдө же толуктоодо жол берилген кечиктирүүнү негизсиз деп тааныган учурда, ал ушул кечигүүдөн улам келип чыккан СӨП ЭБС кошумча чыгымдарынын жана башка тараптын коромжуларынын ордун толтурууну ага жүктөөгө укуктуу.

      38.3. Бейтарап соттун курамы ошондой эле жол берилген кечиктирүүнү эске алуу менен доо боюнча доо талаптарына өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду же каршы пикирлерди максатка ылайыксыз деп тааныууга, же болбосо доо боюнча талаптарды өзгөртүүлөргө же толуктоолорго же каршы пикирлерге уруксат берүүгө укуктуу.

38.4. Аларды өзгөртүүнүн натыйжасында доо талаптарынын суммасы көбөйгөндө, арбитраждык жыйымдын суммасы Арбитраждык чыгамдар жана жыйымдар тууралуу Жобого ылайык кайрадан эсептелет, жана доогер тарабынан билдирилген кошумча талаптар арбитраждык жыйымдын кошумча суммасы төлөнгөнгө чейин бейтарап соттун курамы тарабынан каралбайт.

 

39-берене. Утурлама доо жана кошо эсептөө максатындагы талаптар

39.1.   Ушул Регламенттин 24.1. пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жоопкер кошо эсептөө максатында, ошол эле келишимден келип чыккан утурлама доо коюуга же болбосо ошол эле келишимден келип чыккан утурлама талаптарды билдирүүгө укуктуу.

39.2. Кошо эсептөө максатында билдирилген утурлама доого жана утурлама талаптарга карата адепки доого карата коюлуучу эле эрежелер коюлат.

39.3. Кошо эсептөө максатында билдирилген утурлама доо жана утурлама талаптарды берүүдө Арбитраждык чыгымдар жана жыйымдар тууралуу Жободо белгиленген суммадагы арбитраждык жыйым алынат.

 

40-берене. Далилдер

40.1.   Тараптар өздөрүнүн талаптарынын жана каршы пикирлеринин негиздемелери катары шилтеме жасаган жагдайларды далилдешүүгө милдеттүү. Бейтарап соттун курамы тараптардан жана башка далилдерди көрсөтүүлөрүн талап кылууга укуктуу. Ал ошондой эле өз каалоосу боюнча экспертизаларды жүрүзүүнү дайындоого жана үчүнчү жактардан далилдерди көрсөтүүнү суроого, ошондой эле тараптардын өтүнмөлөрү боюнча күбөлөрдү чакырууга жана угууга укуктуу.

40.2.   Тарап жазуу жүзүндөгү далилдерди түп нускасында же түп нусканын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүндө берүүгө укуктуу. Бейтарап соттун курамы, бул ишти кароонун кызыкчылыктарында зарыл болгон учурларда, бул далилдерди башка тилге которуунун талап кылууга укуктуу.

40.3.   Далилдерди текшерүү бейтарап соттун курамы белгилеген ыкма менен жүргүзүлөт.

40.4.   Далилдерди баалоо алардын ички ынанымдары боюнча арбитрлер тарабынан жүзөгө ашырылат.

40.5.   Тараптын талаптагыдай далилдерди бербегени бейтарап соттун курамына териштирүүнү улантууга жана анда болгон далилдердин негизинде чечим чыгарууга тоскоолдук кылбайт.

 

41-берене. Үчүнчү жактардын катышуусу

Арбитраждык териштирүүгө үчүнчү жактын кирүүсүнө талашып жаткан жактардын макулдугу менен гана жол берилет. Териштирүүгө карата үчүнчү жакты тартуу үчүн, тараптардын макулдугунан тышкары, ошондой эле тартылып жаткан жактын макулдугу талап кылынат. Үчүнчү жакты тартуу жөнүндө өтүнмө билдирүүгө ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин гана жол берилет. Үчүнчү жакты тартуу жөнүндө макулдук жазуу жүзүндө билдирилиши керек.

 

42-берене. Бейтарап териштирүүнү токтото туруу

42.1. Экспертизаларды жүргүзүү зарыл болгон учурда бейтарап териштирүү токтотула турушу мүмкүн. Бетарап териштирүүнү токтото туруу жөнүндө аныктама чыгарылат.

42.2. Бейтарап териштирүүнүн токтотула туруусу, аралыгында бейтарап териштирүү жүргүзүлүшү керек болгон мөөнөттү токтотот. Бейтарап териштирүү кайрадан жаңыланганда мөөнөттүн өтүшү улантылат.

 

43-берене. Оозеки угуунун протоколу

43.1.   Ишти оозеки угуу тууралуу протокол түзүлөт, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- бейтарап соттун аталышын;

- иштин номурун;

- угуунун ордун жана датасын;

- талашып жатышкан тараптардын аталыштарын;

- угууга тараптардын өкүлдөрүнүн катышуулару тууралуу маалыматтарды;

- арбитрлердин, күбөлөрдүн, эксперттердин, котормочулардын жана угуунун башка катышуучуларынын аты-жөндөрүн жана фамилияларын;

- угуунун жүрүшүнүн кыскача сыпаттамасын;

- тараптардын талаптарын жана тараптардын башка билдирүүлөрүнүн баяндамасын;

- угууларды токтото туруунун же териштирүүлөрдү бүтүрүүнүн негиздемелерине көрсөтмөлөрдү;

- СӨП ЭБС мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн арбитрлердин колтамгаларын.

Оозеки угуунун жүрүшүн протоколдо кыйла толук жана туура чагылдыруу үчүн бейтарап сот бейтарап териштирүүнүн укмажазуусун жүргүзүшү мүмкүн, эгерде ал жүргүзүлгөн учурда, протоколго карата тиркеме болуп саналат.

43.2.   Тараптар протоколдун мазмуну менен таанышууга укуктуу. Тараптын өтүнүчү боюнча, эгерде өтүнүч негиздүү делип таанылса, бейтарап соттун курамы тарабынан протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

43.3.   Тараптар аны даярдоого сарптоолорду төлөө менен, протоколдордун көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.

 

Г. БЕЙТАРАП ТЕРИШТИРҮҮНҮ ТОКТОТУУ

 

44-берене. Бейтарап соттун чечими

44.1. Бейтарап териштирүү арбитраждык чечим чыгаруу менен токтотулат.

44.2. Бейтарап сот аралыктык, ошондой эле кошумча арбитраждык чечимдерди чыгарууга укуктуу. Аралыктык чечимдерге доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечимдер кирет. Кошумча чечимдерге бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартууга байланыштуу, чыгымдардын карызкордон кошумча өндүрүп алуулар жөнүндө чечимдер кирет.

 

45-берене. Чечим чыгаруу

45.1.   Бейтарап соттун курамы талаш-тартыш менен байланышкан бардык жагдайлар түшүнүктүү болду деген бүтүмгө келгенден кийин, ал иши оозеки угууну бүттү деп жарыялайт жана чечим чыгарууга киришет.

45.2.   Чечим жабык кеңешмеде, бейтарап соттун курамынын добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

 

46-берене. Чечимди жарыялоо

46.1.   Чечим чыгарылгандан кийин анын резолюциялык бөлүгү тараптарга оозеки жарыяланат, ал эми алар болбогондо аларга жазуу жүзүндө билдирилиши мүмкүн.

46.2.   Жүйөлөнгөн чечим он күндүн ичинде тараптарга жиберилет. Ушул мөөнөт СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан узартылышы мүмкүн.

46.3.   Эгерде бул талаш-тартышты туура чечүүнүн кызыкчылыктарында талап кылынса, ал эми чечимдин резолюциялык бөлүгү тараптарга жарыялана элек болсо, бейтарап соттун курамы кошумча арбитраждык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

 

47-берене. Чечимдин мазмуну

47.1.   Бейтарап соттун чечими төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- бейтарап соттун аталышын;

- иштин номурун;

- чечим чыгырылган жерди жана датаны;

- арбитрлердин аты-жөнүн жана фамилияларын;

- талашып жаткан тараптардын жана бейтарап териштирүүгө катышкан башка жактардын аталыштарын;

- талаш-тартыштын предметин жана иштин жагдайларынын кыскача баянын;

- доо арызынын, бейтарап териштирүүгө катышкан жактардын ага пикирлеринин, түшүндүрмөлөрүнүн жана өтүнмөлөрүнүн кыскача баянын;

- бейтарап соттун курамы тарабынан белгиленген иштин жагдайларын өзүнө камтыган, чечим негизделген жүйөлөрдү, бул жагдайлар тууралуу бейтарап соттун тыянактары негизделген далилдерди, бейтарап сот тигил же бул далилдерди четке каккан, жана бейтарап териштирүүгө катышуучу жактар шилтеме жасаган мыйзамдарды же башка ченемдик укуктук актыларды кабыл албаган жүйө-далилдерди, ошондой эле бейтарап соттун курамы чечим кабыл алууда жетекчиликке алган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды;

- доо талаптарын канаатандыруу же четке кагуу тууралуу тыянакты;

- иш боюнча арбитраждык чыгымдардын жана жыйымдардын суммаларын, аларды тараптардын ортосунда бөлүштүрүүнү;

- арбитрлердин колтамгаларын;

- СӨП ЭБС мөөрүн.

47.2.   Эгерде арбитрлердин ичинен кимдир-бирөө арбитраждык чечимге кол коё албаса, СӨП ЭБС Төрагасы арбитрдин колтамгасынын болбогонунун себептерин көрсөтүү менен, бул жагдайды өзүнүн колтамагасы менен ырастайт.

 

48-берене. Чечимди оңдоо, чечмелөө жана толуктоо

48.1.   Тараптардын кимиси болбосун, башка тарапты кабарландыруу менен, чечимди алгандан кийин отуз күндүн ичинде бейтарап соттун курамынан чечимдеги эсептөөлөрдөгү катачылыктарды, жаңылыш жазууларды же жаңылыш басууларды же болбосо ушуга окшош мүнөздөгү катачылыктарды оңдоонү суранууга укуктуу.

Бейтарап соттун курамы, эгерде ал суранычты туура тапса, аны алгандан кийин отуз күндүн ичинде тийешелүү оңдоолорду киргизүүгө милдеттүү.

Мындай оңдоолор ошондой эле арбитраждык чечим чыккан датадан эсептегенде отуз күндүн ичинде бейтарап соттун курамы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча киргизилиши мумкүн.

48.2.   Тараптардын кимиси болбосун, башка тарапты кабарландыруу менен, арбитраждык чечимди алгандан кийин отуз күндүн ичинде бейтарап соттун курамынан чечимдин кандайдыр-бир дайындуу пунктуна же бөлүгүнө чечмелөө берүүнү суранууга укуктуу.

Бейтарап соттун курамы, эгерде ал суранычты туура тапса, отуз күндүн ичинде зарыл болгон чечмелөөнү берүүгө жана аны тараптарга жөнөтүүгө милдеттүү.

48.3.   Тараптардын кимиси болбосун, башка тарапты кабарландыруу менен, арбитраждык чечимди алгандан кийин отуз күндүн ичинде бейтарап соттун курамынан, арбитраждык териштирүүнүн жүрүшүндө талаптагыдай билдирилген, бирок чечимде чагылдырылбай калган талаптарга карата кошумча чечим чыгарууну суранууга укуктуу.

Бейтарап соттун курамы, эгерде ал суранычты туура тапса, аны алгандан кийин отуз күндүн ичинде кошумча арбитраждык чечим чыгарууга жана аны тараптарга жөнөтүүгө милдеттүү.

48.4.   СӨП ЭБС Төрагасы, зарыл болгон учурда, ушул берененин 48.1., 48.2. жана 48.3. пункттарынын 2-абзацтарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга укуктуу.

48.5.   Чечимди оңдоо жана (же) чечмелөө тууралуу аныктама, ошондой эле кошумча чечим арбитраждык чечимдин курамдык бөлүгү болуп саналат.

 

49-берене. Тынчтык макулдашуусу

49.1.   Эгерде тараптар арбитраждык териштирүүнүн жүрүшүндө талаш-тартышты тычтык макулдашуусу менен жөндөшсө, анда териштирүү токтотулат. Тараптардын өтүнүчү боюнча бейтарап соттун курамы бул жөндөөнү тараптар макулдашкан шарттарда арбитраждык чечим түрүндө бекемдеп белгилей алат.

49.2.   Ушул берененин 49.1. пунктунда көрсөтүлгөн арбитраждык чечимге карата ушул Регламенттин 47-беренесинин талаптары колдонулат.

 

50-берене. Чечимдерди аткаруу

50.1.   Бейтарап соттун чечими тараптар тарабынан өз ыктыярдуу, чечимде белгиленген мөөнөттө аткарылат. Эгерде чечимде аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анда ал токтоосуз аткарылууга жатат.

50.2.   Эгерде бейтарап соттун чечими өз ыктыяры менен аткарылбаса, анда ал ишбилги сот тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген аткаруу баракчасынын негизинде мажбурлап аткартылуусу тийиш.

 

51-берене. Териштирүүнү чечим чыгаруусуз токтотуу

51.1.   Эгерде иш боюнча чечим кабыл алынбаса, арбитраждык териштирүүнү токтотуу жөнүндө аныктама менен арбитраждык териштирүү токтотулат.

51.2.   Арбитраждык териштирүүнү токтотуу жөнүндө аныкатама төмөнкү учурларда чыгарылат:

а)        доогер өзүнүн талаптарынан баш тарткан учурда;

б)        тараптардын арбитраждык териштирүүнү токтотуу жөнүндө макулдашуусу болгон учурда;

в)        бейтарап соттун курамы, кандайдыр-бир себептерден улам, алып айтканда ишти маңызы боюнча чечүү үчүн зарыл болгон өбөлгөлөр болбогондо, анын ичинде доогердин аракетсиздигинен улам иш үч айдан ашуун кыймылсыз калып калганда, териштирүүнү улантуу керексиз же мүмкүн эмес болуп калды деп тапканда.

51.3.   Арбитраждык териштирүүнү токтотуу жөнүндө аныктамага карата тийиштүүлүгүнө жараша ушул Регламенттин 44–50-беренелеринде белгиленген эрежелер колдонулат. Бейтарап соттун курамын түзгөнгө чейин ишти арбитраждык териштирүүнү токтотуу жөнүндө чечим СӨП ЭБС Төрагасы тарабынан кабыл алынат.

 

Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы

720021, Бишкек ш.,

Шопоков көч., 89, 4-кабат, 1-кеңсе

Эл аралык Бейтарап сот

тел: +996(312) 62 01 96           +996(312) 68 41 79

e-mail: arbitr@elcat.kg


 

 

 

 

Мы в соц.сетях
Режим работы
Режим работы секретариата:
Пн, Вт, Ср, Чт, Пт     09:00- 18:00

Прием исковых заявлений:
Пн, Вт ,Ср, Чт ,Пт    9:00 - 15:00

Перерыв на обед» 12:00 - 13:00

Наши партнеры