Библиотека Статистика дел Инфографика Отзывы и предложения Публикации арбитров Фотогалерея Видео

 



Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап сот жөнүндө Жобо

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соттун Байкоочу Кеңешинин 2003-жылдын 16-январындагы чечими менен

БЕКИТИЛГЕН

 

 

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы

Эл аралык Бейтарап сот жөнүндө Жобо

 

1.                   Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап сот (мындан ары – СӨП ЭБС) коомдук фонд уюштуруучулук-укуктук таризинде коммерциялык эмес уюм катары түзүлгөн, 2002-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан юридикалык жак катары катталган, туруктуу аракеттеги бейтарап сот болуп саналат.

 

2.                   СӨП ЭБС өз ишин «Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, өзүнүн Уставына, СӨП ЭБС колдонулуучу эрежелерине жана башка локалдуу актыларына ылайык жүзөгө ашырат.

 

3.                   СӨП ЭБС жогорку башкаруучу органы Байкоочу Кеңеш болуп саналат, ал СӨП ЭБС ишин каржылаган донор уюмдардын, ассоциациялардын, ишкерлердин бирикмелеринин, юристтердин кесиптик бирикмелеринин өкүлдөрүнөн жана башка адамдардан турат.

 

4.                   СӨП ЭБС Байкоочу Кеңеши Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соттун Регламентин, арбитраждык жыйымды эсептөөнүн тартибин, арбитрлердин гонорарларынын коюмдарын жана бейтарап соттун башка чыгымдарын, СӨП ЭБС колдонулуучу башка эрежелерин бекитет, СӨП ЭБС ишине жетекчиликти жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

 

5.                   СӨП ЭБС милдети юридикалык жана жеке жактарга, ага тийиштүү иш-билгиликтерди берүүчү бейтарап макулдашуу (арбитраждык эскертме) болгон шарттарда, жарандык укуктук мамилелерден келип чыгуучу, алардын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүүдө жардам көрсөтүү болуп саналат.

 

6.                   СӨП ЭБС өзү талаш-тартыштарды чечпейт. СӨП ЭБС келип түшкөн бардык талаш-тартыштар, Регламентке ылайык талаш-тартыштардын тараптары шайлаган бейтарап соттун арбитри же болбосо арбитрлеринин коллегиясы тарабынан чечилет. Тараптар шайлаган арбитрлердин Регламенттин колдонулушун камсыз кылуу, ошондой эле арбитрлер үчүн бейтарап териштирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү Эл аралык Бейтарап соттун милдети болуп саналат.

 

7.                   Регламентте каралган учурларда жана тартипте СӨП ЭБС Төрагасы же Төрага жок болгондо же анын тапшыруусу боюнча – Төраганын орун басары байтарап териштирүүнүн жолжоболоруна байланыштуу айрым иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга жана чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу.

 

8.                   СӨП ЭБС арбитрлери СӨП ЭБС Байкоочу Кеңеши тарабынан бекитилет. Байкоочу Кеңештин кароосуна талапкердин кеңири өмүр таржымалы киргизилет. Арбитрликке талапкер СӨП ЭБС Байкоочу Кеңешине ассоциациялардын, ишкерлер бирикмелеринин, юристтердин кесиптик бирикмелеринин, арбитраждык институттардын, СӨП ЭБС ишин каржылоочу донордук уюмдардын, же болбосо СӨП ЭБС иштеп жаткан эки арбитринин сунушиамаларын көрсөтүшү керек. Байкоочу Кеңеш сунушталып жаткан арбитрдин талапкерлигин четке кагууга укуктуу.

 

9. СӨП ЭБС тараптардын макулдашуулары боюнча келишимдик жана башка жарандык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар, анын ичинде инвестициялык талаш-тартыштарды кошо алганда, мекемелик караштуулуктагы иш-билги сотко тийиштүү тышкы соода жана башка эл аралык экономикалык байланыштардын түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы, анын ичинде төмөнкү талаш-тартыштарды кошпогондо, бир же эки тарабы катары тең жарандар чыгып жаткан талаш-тартыштар өткөрүлүп берилет:

- сот аткаруучусунун токтомуна жана башка иш-аракеттерине (аракетсиздигине, иш-аракеттерди жасоодон баш тартуусуна) даттануулар боюнча;

- юридикалык мааниге ээ болгон (юридикалык фактыларды) фактыларды белгилөө тууралуу;

- жоготулган баалуу кагаздар боюнча укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө;

- банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;

- жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

- абийирди, ар намысты жана ишкер беделди коргоо жөнүндө;

- мурастоо укук мамилелеринен келип чыккандар;

- никеге туруу жана никени бузуу тартибине жана шарттарына тийиштүү;

- үй-бүлөдө жубайлардын ортосунда, ата-энелердин жана балдардын ортосунда, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыгуучу жеке жана мүлктүк эмес мамилелерге тийиштүү;

- асырап алууга, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө, балрады тарбиялоого алууга байланыштуу келип чыккандар;

- жарандык абалдын актыларын каттоодо келип чыккандар;

- аларды байтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берүүнүн мүмкүн эместиги мыйзам менен белгиленген талаш-тартыштар.

 

10. Жарандык-укуктук мамилелердин СӨП ЭБС чечүүсүнө берилиши мүмкүн болгон талаш-тартыштары товарларды сатып алуу-сатуу (жеткирип берүүнү), жумуштарды аткаруу, тейлөө кызматтарын көрсөтүү, товарларды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү алмашуу, соода өкүлчүлүгү жана ортомчулук, ижара (лизинг), илимий-техникалык алмашуу, чыгармачылык иштин башка натыйжаларын, өнөр жай курулмаларын жана башка объекттерди алмашуу, лицензиялык аткарымдар, инвестициялар, кредиттик-эсептешүү аткарымдары, камсыздандыруу боюнча мамилелерди, биргелешкен ишкердик жана жеке ишкердиктин башка тариздери жана башка жарандык-укуктук мамилелерди камтыйт.

 

11. СӨП ЭБС өзүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө» Мыйзамдан улам анын юрисдиикциясына жаткан талаш-тартыштарды дагы кабыл алат.

 

12.           СӨП ЭБС чечими тараптар тарабынан белгилүү мөөнөттөрдө өз ыктыярдуу аткарылат. Эгерде аткаруу мөөнөтү чечимде көрсөтүлбөсө, анда ал токтоосуз аткарылууга жатат. Мөөнөтүндө аткарылбаган чечимдер мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык аткарылуугу келтирилет.

 

Биздин дарек:

 

Кыргыз Республикасы

720021, Бишкек ш.,

Шопоков көч., 89, 4 кабат, кеңсе № 1

Эл аралык Бейтарап сот

тел: +996(312) 383005

        +996(312) 438977

e-mail: arbitr@elcat.kg


 

 

 

 

Мы в соц.сетях
Режим работы
Режим работы секретариата:
Пн, Вт, Ср, Чт, Пт     09:00- 18:00

Прием исковых заявлений:
Пн, Вт ,Ср, Чт ,Пт    9:00 - 15:00

Перерыв на обед» 12:00 - 13:00

Наши партнеры